Жээнбеков Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады

Жээнбеков Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады

Бүгүн, 29-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Түркия Республикасынын Улуттук майрамы — Түркия Республикасынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген мамилелерибиз боордош элдерибиздин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жеке салымыңызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыңызга зор ыраазычылык билдирем», — деп белгиленген өлкө башчынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми бир тууган Түркия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>