Жерге-Талдагы кыргыздарды Тажикстандан депортациялоодо

Жерге-Талдагы кыргыздарды Тажикстандан депортациялоодо

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз паспортундагы тургундарды депортациялай  баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Алардын айтымында, акыркы бир жумада Тажикстан паспорттук көзөмөлдү күчөттү.

“Кыргызстандын жарандыгын алгандар аныкталып, дароо облус борборуна жеткирилет. Алар тез арада кыргыз паспортторунан баш тартууну жана Тажикстандын жарандыгын алуусун талап кылышууда. Ал эми макул болбогондор Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга депортацияланат. Жада калса буюмдарын чогултканга убактысы жок”, — деген жергиликтүү тургун.

Алардын айтымында, Жерге-Тал районунда 30 миң этникалык кыргыз жашайт. Кыргызстандын жарандыгын негизинен жаштар алышат.

“Буга чейин алар Кыргызстандын жарандыгын алып, миграциялык күбөлүк беришип, эркин жашап, иштеп жүрүшкөн, анткени бул жерде көпчүлүктүн ата-энелери жана туугандары бар. Бирок абал өзгөрдү. Жакынкы күндөрдөн тарта кыргыз тилдүү мектептер кыскартылууда, алардын бардыгы тажик тилинде окутууга өтүп жатышат”, — деп кошумчалаган жергиликтүү тургун.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>