Жерге-талдыктар Нарын облустук админстрациясынын алдына митингге чыгышты — сүрөт

Жерге-талдыктар Нарын облустук админстрациясынын алдына митингге чыгышты — сүрөт

Нарын районуна караштуу Жерге-тал айылынын тургундары бүгүн Нарын облустук админстрациянын астына митингге чыгышты. Бул тууралуу «Репортерго» жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын жаз айларында Кочкор эли менен болгон жайыт маселесинде коомдук тартипти бузган деп, Жерге-Тал айылдык кеңештин депутаты Керимканов Алымбек кечээ 1-февраль күнү камакка алынган.

Митингчилер соттун ырайымсыздыгына каршы чыгышкан.

Ал буга чейин жайыт чыры боюнча Нарын райондук сотуна бир канча жолу сурак берип келген. Кечээ, кадимкидей сурак бергени барган. Бирок, ошол жерден эч бир себепсиз камап салышыптыр. Канчалаган мыйзам бузган, элдин ырыскысын жегендер боштондукта жүрөт да, ал эми айыл эли үчүн чындыкты айтып келген адамды камап коюшат. Биз мөөнөтсүз митингге чыгабыз, — деп билдирди митингге чыккандар.

Учурда митингде 200гө жакын адам бар.

Эскерте кетсек, Жерге-Тал айылына тиешелүү Кумбел жайлоосун ошол учурдагы өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылгазиев Кочкор районуна 10 жылга чейин берип салгандыгы чуу жаратып келет.

Себеби Жерге-Тал айыл аймагындагы эл ошол жайлоо аркылуу жан сактап келишет. Жай мезгилинде мал багып, жайлоону жайыт катары колдонушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>