Парламентте саламаттык сактоо министрине ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынды

Парламентте саламаттык сактоо министрине ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынды

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынды.

Депутат Жанар Акаев министр Кыргызстанды дүйнө элине уят кылганын айтып, ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алууну сунуштаган.

«Бул министрдин эң чоң катасы, азыр табыпчылык күчөп баштайт. Муну далилдей албайт. Адам жакшы болуп кетсе  уу-коргошундан айыкты, өлсө коронавирустан деп коюшат. Элдин саламаттыгын коркунучка кептөөдө. Анын үстүнө эки жумадан бери комитеттин жыйындарына келбей жатат. Биз бүгүн премьер-министрге мындай министрди кызматтан алып, анын ордуна сабаттуу адисти дайындоого сунуш беришибиз керек», — деген Акаев.

Ал эми комитеттин мүчөлөрү сунушту толугу менен колдоп, өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө чечими жиберилмей болду.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу-коргошун менен дарылап жатканын айтып, бүгүнкү күндө 300дөн ашуун адам инфекциядан айыкканын айткан. Ошондой эле дарыны Садыр Жапаров менен өзү кайнатып жатканын жана анын дозасын президент гана билерин айткан.

Министр: “Уу-коргошунду” Садыр Жапаров өзү кайнатууда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>