Төрага Жумабеков «мен авторумун» деген ыр Зайырбек Ажыматовдуку болуп чыкты (видео)

Төрага Жумабеков «мен авторумун» деген ыр Зайырбек Ажыматовдуку болуп чыкты (видео)

3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп, парламенттин V сессиясынын жыйынтыгы боюнча отчет берген. Анда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, төмөндөгү ырды айткан. Анда төрага «балким бул ырдын автору мен болуп да калам», деген. Спикер мен автормун деген ыр эми талкууга алынууда.

Мен Кыргызмын! Ата наркын сактаган.

Кыргызстан деп, эмгектенип жүрөмүн,

Ар күн сайын, Азаттыкка аттанып.

Төрагага жооп иретинде акын, журналист Зайырбек Ажыматов  Facebookтагы баракчасына мындай деп жазган: «Өйдөдөгүлөр, Дастан мырзага айтып койгулачы, ырды бузбай окусун! Анан ырга рейдерлик кылганды койсун. Ал айткан саптардын автору менмин. Аны 2003-жылы Дастакеңдин дайыны жок кезде жазгам.» 

Ажыматов ырдын автору экенин тастыктап, ал ыр 2011-жылы чыккан «Нөлү көп жылдар» деген ыр жыйнагына киргенин айтты.

Мен кыргызмын!

Мен кыргызмын — сатылбаган, сатпаган!
Мен кыргызмын — баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен кыргызмын — асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм.
Кырчылдаган «Кыргыз» деген жакшы аттын!

Мен кыргызмын — түгөнөрдө түтөгөн!
Мен кыргызмын — жок болордо күчөгөн!
Мен кыргызмын — тарыхым бар,тилим бар.
Мезгилдердин ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен кыргызмын — жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуу муң.
Кылымдарга улап кетер эл көчүн
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>