ЖМК: Айсултан Назарбаев каза болду

ЖМК: Айсултан Назарбаев каза болду

Казакстандын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаева каза болгонун болгонун жазышууда.

Zakon.kz сайтынын кабарлашынча Айсултандын жүрөгү токтоп каза болгон . Ал эми «КазТАГ» агенттиги өз булактарына таянып, маркум 17-августта жерге берилерин маалымдады.

Бул маалымат социалдык тармактарга желдей карап, түрдүү талкууларды жаратууда. Бирок кабар тарагандан бери бир нече саат өтсө да, казак бийлиги да, Айсултандын жакын туугандары да бул боюнча расмий маалымат берише элек.

30 жаштагы Айсултан Назарбаев Казакстандын сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Ал Улуу Британиянын «Сандхерст» аскердик академиясын бүткөргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы жети айдай Казакстандын футбол федерациясынын вице-президенти болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>