ЖМК: Экс-министр медициналык каражаттарды чет өлкөгө саткан деп шектелүүдө

ЖМК: Экс-министр медициналык каражаттарды чет өлкөгө саткан деп шектелүүдө

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев медициналык каражаттарды чет өлкөгө саткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg жеке маалымат булактарына таянуу менен жазып чыкты.

“Укук коргоочулар аткаминерлерди коргонуу жабдууларын жана бет каптарды чет өлкөгө саткан деп жатышат. Ишти тергеп жаткан экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат бул тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Алар тергөө иштери жүрүп жатат жана маалымат кийинчерээк берилерин айтты”, — деп жазат агенттик.

Буга чейин Финпол Космосбек Чолпонбаевди  коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөө фактысына байланыштуу суракка чакырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>