Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн курамын жана программасын бекитет

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн курамын жана программасын бекитет

Бүгүн, 14-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. 

Анын айтымында бүгүнкү жыйында өкмөттүн курамы жана программасы бекитилет.

“14-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Саат 9:30да башталат.  Күн тартибинде өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү каралат”, — деп билдирди басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, Садыр Жапаров башында турган  жаңы өкмөттү шайлашкан.  Жыйындын башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин айткан.

Айрым депуттар жана саясатчылар ал жыйында кворум болгон эмес деп Жапаровду өкмөт башчы катары таануудан баш тартып жаткан. Буга байланыштуу кечээ, 13-октябрдагы ЖК жыйынына чогулган айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынын легитимдүүлүгүнө күмөн саноо болбош үчүн дагы бир ирет талапкерлигин жактыруу зарыл деген пикирлерин билдиришкен.  

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>