Жогорку Кеңеш: кезесиз жыйынга чогулуу үчүн депутаттардын үчтөн биринин сунушу керек

Жогорку Кеңеш: кезесиз жыйынга чогулуу үчүн депутаттардын үчтөн биринин сунушу керек

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумаковдун атына парламенттин кезексиз сессиясын өткөрүү тууралуу кайрылуу түштү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анын демилгечилери депутаттар Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаев.

Кезексиз жыйын өткөрүү үчүн аталган депутаттардан демилгесине Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин сунушу кошулушу керектиги белгиленет.

Андан соң кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш, себебин, кароого сунушталган суроолорду жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен төрагага жиберилиши керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кесиптеши Наталья Никитенко менен парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча төрагага кайрылганын жарыялашкан.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышын депутаттары 30-июнда жайкы каникулга тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>