Жогорку Кеңешке жаңы эки депутат келет

Жогорку Кеңешке жаңы эки депутат келет

«Ата Мекен» фракциясынын жаңы эки депутаттары Шайлообек Атазов менен Бурун Амановага мандат тапшырылды.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мандат тапшыруу чечими БШКнын отурумунда кабыл алынып, жетекчиси Нуржан Шайлдабекова ыйгарган.

Атазов депутаттыктан кетип президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келди. Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, мурда Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Аманова Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кеткен Гүлнара-Клара Саматтын мандатын алды.

Аталган депутаттар 2015-жылкы шайлоодо «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>