Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна тыӊгылыктуу жооп бере албаганы сынга алынды

Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна тыӊгылыктуу жооп бере албаганы сынга алынды

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өкмөт өкүлдөрү отчёт берүүдө даярдыксыз келип жатканын сынга алышты.

Төрага Дастанбек Жумабеков премьер-министр өз көзөмөлүнө алуусун айтты.

«Ушу тапта парламенттин тармактык комитеттеринде Өкмөттүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету угулуп жатат. Бирок, министрлер менен алардын орун басарларынын даярдыксыз келгенинен улам, айрым комитеттер ал маселени күн тартибинен алып салышууда. Депутаттар тарабынан алардын дарегине көптөгөн сын пикирлер айтылып жатат. Өкмөт чара көрүп, аларды тартипке чакырышы керек.

Эгерде министрлер менен алардын орун басарлары отчетко келише турган болсо, анда жеткиликтүү даярданып келишсин. Анткени, айрым өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна тыӊгылыктуу жооп бере алышпайт. Премьер-министрге айта баргыла, ошондой жетекчилерге карата тийиштүү чараларды көрсүн», — деп кошумчалады спикер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>