Кыргызстанда ундун баасы 17%га көтөрүлдү

Кыргызстанда ундун баасы 17%га көтөрүлдү

Ун социалдык мааниси бар азык-түлүккө кирет, ошондуктан калктык аялуу катмарынын капчыгына күч келбеши керек. Мисалы, бир кило ундун баасы – 50 сом. Ал эми бир үй-бүлө айына бир топ ун пайдаланат. Өкмөт ун баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун айтымында, Өкмөттүн токтому менен социалдык мааниге ээ болгон 14 позициядагы азык-түлүктөрдүн тизмеси бекитилген. Ошондуктан, аларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген.

«Бирок, мамлекет товардын наркы 30 күндүн ичинде 20 пайыздан ашуун көтөрүлүп кеткен учурда гана кийлигише алат. Акыркы айда ундун баасы орто эсеп менен 3,5 пайызга, ал эми айрым аймактарда 17 пайызга көтөрүлдү», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>