Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчиси Радбек Эшмамбетов каза болду

Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчиси Радбек Эшмамбетов каза болду

72 жаш курагында, 20-январда «легендарлуу» парламенттин депутаты, эксология жана өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын мурунку башчысы Радбек Эшмамбетов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңешти басма сөз кызматы билдирди.

Радбек Эшмамбетов 1949-жылы 29-августта Ош шаарында туулган. 1973-жылы Ленинград политехникалык институтун, 1985-жылы — КПСС БКнын алдындагы Коомдук Илимдер Академиясын аяктаган.

Ал 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.

Reporter.kg’нин жалпы жамааты Радбек Эшмамбетов дүйнөдөн кайтышы менен анын жакындарына терең кайгыруу менен аза кайгысын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>