Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек акыларынын кыскарышына каршы

Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек акыларынын кыскарышына каршы

Депутат Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнүн, премьер-министрдин, президенттин эмгек акыларын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан. Бирок, Жогорку Кеңешке бул мыйзам долбоору өтпөй жатат. Бул тууралуу Бекешев «Акчабарга»‎ билдирген.

Дастан Бекешовдун айтымында, бул мыйзам долбоору республикалык бюджеттин дефицитинен улам демилгеленген.

«Эгерде республикалык бюджет жөнүндө мыйзам тартыштык менен кабыл алынса, анда эмгек акы ошого жараша кыскарышы керек. Кантсе дагы ушундай болушу шарт, ким жаман иштесе, ошого жараша жазасын алыш керек», – деп билдирди Бекешев.

Андан сырткары, депутаттын айтымында бул мыйзам долбоору аркылуу бийликке Кыргызстандагы жашоо минимумунун көлөмүн жеткирүү мүмкүн. Эгерде бул ЖК кезектеги жыйынында талкууланса, бул маселе толугу менен чечилерине кепилдик жок.

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өлкөдө жашоо минимуму 5 миң 358.53 сомду түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>