Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Акматов каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Акматов каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Акматов каза болду. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жакын санаалаштары билдирди.

Акматов 1964-жылдын 18-октябрында Нарын облусунда туулган. Быйыл 57 жашка чыкмак.

Депутаттын өлүмүнө эмне себеп болгону тууралуу азырынча маалымат жок.

Маркумдун артында жубайы, 5 баласы калды.

Алмаз Акматов VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болчу. Ал парламентке «Бир бол» партиясынан депутат болуп шайланып келген.

Reporter.kg Алмаз Акматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>