Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачык деп жарыяланды

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачык деп жарыяланды

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын гимни менен расмий түрдө ачык деп жарыяланды. Төрага Дастанбек Жумабеков белгилегендей, ачылыштан соң депутаттардын иши комитеттердин жыйындарында улнамакчы.

Ал эми парламенттин жалпы жыйыны 4-сентябрда болот. Эсиңиздерге сала кетели, Регламент талабына ылайык, депутаттар дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү  комитеттерде, жума күнү фракцияларда иштейт. Ал эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйындары шаршемби жана бейшемби күндөрү өтөт.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алтынчы сессиясы 27-июнда аяктаган. Кой-Таш окуяларына байланыштуу депутаттар 8-августта кезексиз жыйынга чогулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>