Жогорку Кеңеште 8 комитет түзүлдү — тизме

Жогорку Кеңеште 8 комитет түзүлдү — тизме

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 12-январда өткөн отурумда парламенттин түзүмүн жана курамын бекитишти. Кабыл алынган токтомго ылайык, Жогорку Кеңеште үч вице-спикер жана 8 комитет болот.

Комитеттер:

1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти;

2. Эл аралык мамилелер, коопсуздук, коргонуу, тышкы маселелер жана миграция;

3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү;

4. Социалдык саясат, социалдык камсыздоо, үй-бүлө, жумуш менен камсыз кылуу, маалыматтык саясат, мамлекеттик тил жана дин саясаты;

5. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты;

6. Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш;

7. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат;

8. Укук тартиби, кылмышка, коррупцияга каршы күрөшүү.

Белгилей кетсек, спикер Талант Мамытов, анын үч орун басары: Нурбек Алимбеков, Улан Примов жана Жамиля Исаева.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>