Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбеков шайлоочуларга кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбеков шайлоочуларга кайрылуу жасады

Бир мандаттуу №15 Базар-Коргон шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбеков шайлоочуларга кайрылуу жасады.

 

Урматтуу шайлоочулар!

Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы соңуна чыгайын деп калды. Мындан улам баардыгыңыздарды 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө активдүү катышууга чакырам.

Өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабай татыктуу талапкерди, жүрөгүңүз менен тандайсыз деген ниеттемин.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө, Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондорунун ар бир айылдарында шайлоочулар менен көптөгөн жолугушууларды өткөрдүм.

Эл алдында Жогорку Кеңеште аткара турган программам менен тааныштырдым. Жолугушуу учурунда мага колдоо көрсөтүп, ишеним арткан, Кыргызстан элине ыраазычылык билдирем. Анткени жарандар үчүн так жана түшүнүктүү программамды бөлүшүп жана он миңдеген Кыргызстандыктын колдоосу мага аябагандай дем-күч берип, элеттиктердин жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн, көптөгөн иштерди жасоого шык берет. Мен үчүн өлкөмдүн өнүгүшү өтө маанилүү. Бул ар бир талапкердин ишинин өзөгү болушу зарыл.

Урматтуу мекендештер!

Бийлик шайлоонун максималдуу түрдө ачык-айкындуу болушун камсыз кылууга аракет кылып жатат. Мен да, таза жана ачык-айкын шайлоону жактайм! Бул менин принципиалдуу позициям. Үгүт иштери бардыгы үчүн ийгиликтүү аяктап, шайлоолор атаандаштык негизде өтөт жана алардын расмий жыйынтыктары элдин чыныгы эркине дал келет деп ишенем.

28-ноябрда шайлоо участогуна келгенде, чын дилиңиздерден мага колдоо көрсөтүп, добуш бересиздер деп ойлойм. Сиздердин үмүт жана ишеним мен үчүн аманат!

Урматым менен, Айбек Алтынбеков.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбеков.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 26-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбековдун шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Белеков Алмазбек Сатыбалдиевич тарабынан төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>