Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары шайланды

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары шайланды

Бүгүн, 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларын шайлоо маселеси талкууланды. Алгач депутаттар бүткүл комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.

Жыйынтыгында:

— Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Алиев;

— Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Жанарбек Акаев;

— Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;

— Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымдыгына Динара Ашимова;

— Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагалыгына Азизбек Турсунбаев;

— Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бактыбек Сыдыков;

— Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;

— Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүнбек Өмүрзаков шайланды.

Эртең, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланат.

Спикер Талант Мамытов жыйын саат 14.00дө башталарын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>