Жогорку Сот Текебаевдин жана Чотоновдун соттук иши Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөттү

Жогорку Сот Текебаевдин жана Чотоновдун соттук иши Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөттү

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөттү.

Отурумга төрагалык кылган судия буга чейинки чечимдерди жокко чыгарды.

Эми Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра карап чыгат.

Белгилей кетсек, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 16-июлда Сотто төрагалык кылган судья иш көлөмдүү экенин айтып, Текебаевдин соттук отурумун бир айга жылдырганын билдирген.

“Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, негизги күбө – Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>