Жогорку соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды

Жогорку соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды

Жогорку соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бүгүн, 22-апрелде, Жогорку соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымын жана анын орун басарын шайлашты.

Судьялар бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургүл Бакированын талапкерлигин төрага кызматына колдошту.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрөгасынын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>