Жол кырсыгында ата-энесинен айрылып, оор абалда жаткан балдардын бири каза болду

Жол кырсыгында ата-энесинен айрылып, оор абалда жаткан балдардын бири каза болду

Балыкчы-Кочкор жолундагы оор жол кырсыгында жаракат алгандардын бири каза болду. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 9-июлда Балыкчы-Кочкор жолунун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн үчөө каза болуп, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.  Анда 46 жаштагы киши, 42 жаштагы аялы жана 12 жаштагы баласы каза болгон.
Жол кырсыгында ата-энесинен айрылып, оор абалда ооруканада жаткан балдардын бири кечээ, 19-июлда каза болгон.

«Тилекке каршы кечээ,19-июлда ата-энесинен айрылып, өздөрү оор абалда жаткан балдардын бири каза болуп калды. 8 жаштагы кыздын абалы канааттандырарлык. Ал эми экинчи баланын абалы оор. Анын кабыргалары сынып, өпкөсүнө катуу доо кетип, суу толуп калган. Чоң апасы «туяк калсын» деп чырылдап, жардам сурап акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылды. Акыйкатчы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине ошол замат кайрылуу каты жөнөтүлдү»,- деп айтылат маалыматта.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефону: Балдардын чоң апасы Кулуя Токтосунова 0700 090 621, 0509 141 491.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>