Жолдубаева ИИМге үчүнчү жолу суракка чакырылды

Жолдубаева ИИМге үчүнчү жолу суракка чакырылды

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үчүнчү жолу ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу  Замир Жоошев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Жактоочунун айтымында, Жолдубаева  7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылган.

Жолдубаева буга чейин эки жолу суракка чакырылган эле.

Кечее, 9-августта  Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков  жана Атамбаевди колдогон КСДПнын бир нече мүчөсү суракка чакырылган.Ал эми КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка убактылуу кармоо жаына киргизилген.

Мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 8-августта кечке маал мажбурлап алып келүү боюнча жүргүзүлгөн операциянын алкагында кармалып, УКМКга алынып келинген. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралып, 26-августка чейин камакка алынды. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>