Жөө кишини сүзүп, унаасын үйүнө каткан айдоочу табылды

Жөө кишини сүзүп, унаасын үйүнө каткан айдоочу табылды

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, унаасын үйүнө катып койгон айдоочу кармалды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1-ноябрь күнү саат түнкү 02:00 чамасында Осмонкул, Эстоний көчөлөрүнүн кесилишинен 50 жаштагы Н.А. аттуу жаранды унаасы менен коюп кеткен. Окуя болоор замат качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Милиция аны издөөгө алып,  натыйжада киши сүзүп кеткен айдоочуну тапкан. Көрсө, ал 59 жаштагы Ч.С. мазда үлгүсүндөгү унаасын үйүнө катып койгон. Темир тулпарын таар менен жаап койгон.

Бул иш милициянын тергөө кызматына өткөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>