Жуманазарова дүйнө чемпионатында жеңген орусиялык спортчу менен кайрадан күч сынашат

Жуманазарова дүйнө чемпионатында жеңген орусиялык спортчу менен кайрадан күч сынашат

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова Москвада өтө турган эл аралык турнирде орусиялык спортчу Ханум Валиева менен кайрадан күрөшөт. Мелдеш декабрь айында өткөрүлөт.

Маалым болгондой, Валиева өзү дуэль өткөрүүнү сунуштаган.

Спортчулар буга чейин Ослодо өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында беттешкен. Анда Мээрим Жуманазарова Валиеваны жеңген, бирок Орусиянын Күрөш федерациясы эсеп туура эмес болуп калганын айтып, Жуманазарованын жеңишин жокко чыгарууга аракет кылган.

Осло-2021: Жуманазарованын жеңишине Орусия макул эмес

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>