Жуманазарованын жеңиштен кийинки видео маеги

Жуманазарованын жеңиштен кийинки видео маеги

Дүйнөлүк беттеште алтын утуп алган Мээрим Жуманазаровадан Дүйнөлүк күрөш уюму интервью алган.

Дүйнөлүк уюм: Дүйнөлүк чемпион болуу кандай экенин сезип жатасызбы?

-Дүйнө чемпиону болуу кандай экенин азырынча сезе элекмин, бирок аябай бактылуу болуп жатам. Дүйнөлүк чемпиондукту утуп алганыма сүйүнүп турам.

Дүйнөлүк уюм: Сиздин атаандашыңыз күчтүү болчу. Аны менен буга чейин күрөштүңүз беле?

-Мен бул атаандашым менен экинчи ирет кездешип жатам. Буга чейин жаштар арасында Азия чемпионатында 2019-жылы күрөшкөм. Бул экинчи жолу оюн талаасынан беттешүүм.

-Дүйнөлүк уюм: Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанда спортчулар үчүн канчалык дем берип турат?

-Ал биздин команданын лидери. Андан, албетте, үлгү алабыз. 2019-жылы Айсулуу эже чемпион болгондо аябай кубангам, мен анда жаракат алып катыша албай калгам.

Дүйнөлүк уюм: Сиз буга чейин күмүш медал алдыңыз, азыр алтын алып отурасыз жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

— Мурда кандай болсо, азыр деле ошондой… Мурда жакшы болчу, азыр деле жакшы.

Дүйнөлүк уюм: Эми кандай аракеттерди көрөсүз?

— Эми мурда кандай машыгып жатсам, ошондой эле машыгуумду улантам.

Дүйнөлүк уюм: Айсулуу Тыныбекова экөөңүздөр кыргызстандык кыздар үчүн үлгү болуп жатасыздар. Аларга кандай кеп-кеңешиңизди берип кетет элеңиз?

-Кыздар чоң максатты коюп, аларга аракет кылуусу керек. Эч нерседен коркпош керек. Бардыгын кылса, барыгына жетсе болот.

Дүйнөлүк уюм: Сиздин бир тууган сиңдиңиз жаштар ортосунда мелдеште байгелүү орунга ээ болду. Эми сиз алтын медал алдыңыз, үй-бүлөңүз кандай кабыл алат деп турасыз?

Биздин үй-бүлөбүз спортко жакын, атам, байкемдер бүт күрөш менен машыгышат. Бул көрүнүш биз үчүн көнүмүш…

Дүйнөлүк уюм: Сиз жана сиздин сиңдиңиз курама команданын мүчөсүбү?

-Ооба, дал ошондой…

Дүйнөлүк уюм: Сиз жана Айсулуу Тыныбекова үчүн машыктыруучунун ролу кандай?

-Машыктыруучусуз мындай ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес. Биздин машыктыруучубуз — эң күчтүү жана эң жакшы.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>