Журналист Ыдырыс Исаков: Чыдабай айтып салдым. Ош мэриясы 40 адамдын Көчмөндөр оюнуна баруусун каржылоону ОшМУга жүктөдү

Журналист Ыдырыс Исаков: Чыдабай айтып салдым. Ош мэриясы 40 адамдын Көчмөндөр оюнуна баруусун каржылоону ОшМУга жүктөдү

Быйыл Көчмөндөр оюну Талас облусунда 16-21-сентябрга чейин өтөт. Аталган оюнга ар бир облусттан оюнчулар менен коноктор келет. Ал эми Ош мэриясы 40 адамдын көчмөндөр оюнуна баруусун каржылоону Ош Мамлекеттик университетине жүктөгөнү тууралуу журналист Идирис Исаков социалдык баракчасына жазып чыкты.

Ал бул факт экенин жана ага бул тууралуу Ош МУдагы эң эле ишенимдүү булактары билдиргенин жазган.

Идирис Исаковдун билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

«Ош мэриясы 40 адамдын көчмөндөр оюнуна баруусун каржылоону Ош Мамлекеттик университетине жүктөдү. Бул факт. Бул тууралуу менин Ош МУдагы эң эле ишенимдүү булактарым билдиришти. Мен аларга ишенем жана сиздерди да ишенүүгө чакырам. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт.

Текебаев айткандайбы же Мадумаров айткандайбы иши кылып менин да тилим жаман. Чыдабадым. Айтып салдым. ФБ баракчама болсо да жазып салдым.

Эми ток этерине өтөйүн. Ош мэриясы каржылап бер деп суранып аткан кишилер Ош Мамлекеттик университетине эч бир тиешеси жок чочун кишилер экен. Бул окуу жай чочун кишини кантип, кайсы булактан каржылоонун жолун издеп жатат.

Мына ушул тууралуу жаза койсом Ош мэриясы факты сурап калды. Аңгыча Ош МУнун тарбия иштери боюнча проректору, мен сыйлаган жаш ырчы, обончу Түмөнбай Колдошев чалды. «Көчмөндөр оюну тууралуу кимден угуп алдыңыз? Кечээ эле ушул маселе боюнча мэрия менен мен сүйлөшкөн элем. Азыр муну мэрия менден көрөт. Ыдырыска сен айткансың деп чыгышат. Мени ыңгайсыз абалга коюп салдыңыз. Муну сиз кимден угуп алдыңыз эле? -деп, тынчы кетип жатыптыр.

Бирок Түмөнбай Колдошевдин бул сөзү мен мурдагы жашыруун булакка таянып айтканымды толук ырастап берди.

Эми Түмөнбай тууралуу: Таланттуу ырчы, такшалып келаткан уюштуруучу, жаш жетекчи, эл эркеси Түмөнбайды ушул курук доомат менен мэрия тепкиге алабы деп эми мен да тынчсызданып баштадым. Анча-мынча «көчө көргөн жигит» деп, Ош мэри Таалай Сарыбашевди мактагандар көп эле, Сарыбашевдин көчө көргөн же көрбөгөн жигит экени эми даана көрүнөт.

Катаны мойнуна ала алган, сынды кабыл ала алган жетекчи болсо менин сынымды кабыл алат. Кабыл албаса капа болот, таарынат, тескери басат, тетири ойлойт. Ал Сарыбашевтин өзүнүн проблемасы.

Эми негизги маселеге келели: Негизги маселе эреже, мыйзам. Өз оокатын өзү кылып аткан, бүт шаарды багып аткан окуу жайды жок жерден зордоп, мыйзам бузууга бийлик өзү түртүп атканы кандай? Же мэр айтты деп эле окуу жай мыйзам буза бериши керекпи? Макул дейли, мэрдин айтканы мыйзам дейли, анда Ошму коррупцияга батып кетти деген сөздөргө мэр да жоопкерчиликти алабы? Эгерде Ош Мунин бир адисине кылмыш иши козголсо мэр барып болушабы же мэр кошо жаза тартканга даярбы? Албетте жок», — деп жазган Исаков.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Ош мэриясы 40 адамдын көчмөндөр оюнуна баруусун каржылоону Ош Мамлекеттик университетине жүктөдү. Бул факт. Бул тууралуу менин Ош МУдагы эң эле ишенимдүү булактарым билдиришти. Мен аларга ишенем жана сиздерди да ишенүүгө чакырам. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт. Текебаев айткандайбы же Мадумаров айткандайбы иши кылып менин да тилим жаман. Чыдабадым. Айтып салдым. ФБ баракчама болсо да жазып салдым. Эми ток этерине өтөйүн. Ош мэриясы каржылап бер деп суранып аткан кишилер Ош Мамлекеттик университетине эч бир тиешеси жок чочун кишилер экен. Бул окуу жай чочун кишини кантип, кайсы булактан каржылоонун жолун издеп жатат. Мына ушул тууралуу жаза койсом Ош мэриясы факты сурап калды. Аңгыча Ош МУнун тарбия иштери боюнча проректору, мен сыйлаган жаш ырчы, обончу Түмөнбай Колдошев чалды. «Көчмөндөр оюну тууралуу кимден угуп алдыңыз? Кечээ эле ушул маселе боюнча мэрия менен мен сүйлөшкөн элем. Азыр муну мэрия менден көрөт. Ыдырыска сен айткансың деп чыгышат. Мени ыңгайсыз абалга коюп салдыңыз. Муну сиз кимден угуп алдыңыз эле? -деп, тынчы кетип жатыптыр. Бирок Түмөнбай Колдошевдин бул сөзү мен мурдагы жашыруун булаккf таянып айтканымды толук ырастап берди. Эми Түмөнбай тууралуу: Таланттуу ырчы, такшалып келаткан уюштуруучу, жаш жетекчи, эл эркеси Түмөнбайды ушул курук доомат менен мэрия тепкиге алабы деп эми мен да тынчсызданып баштадым. Анча-мынча «көчө көргөн жигит» деп, Ош мэри Таалай Сарыбашевди мактагандар көп эле, Сарыбашевдин көчө көргөн же көрбөгөн жигит экени эми даана көрүнөт. Катаны мойнуна ала алган, сынды кабыл ала алган жетекчи болсо менин сынымды кабыл алат. Кабыл албаса капа болот, таарынат, тескери басат, тетири ойлойт. Ал Сарыбашевтин өзүнүн проблемасы. Эми негизги маселеге келели: Негизги маселе эреже, мыйзам. Өз оокатын өзү кылып аткан, бүт шаарды багып аткан окуу жайды жок жерден зордоп, мыйзам бузууга бийлик өзү түртүп атканы кандай? Же мэр айтты деп эле окуу жай мыйзам буза бериши керекпи? Макул дейли, мэрдин айтканы мыйзам дейли, анда Ошму коррупцияга батып кетти деген сөздөргө мэр да жоопкерчиликти алабы? Эгерде Ош Мунин бир адисине кылмыш иши козголсо мэр барып болушабы же мэр кошо жаза тартканга даярбы? Албетте жок.

Публикация от Ydyrysisakov (@ydyrysisakov)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>