Жыштык чыры боюнча Азамат Араев кармалды

Жыштык чыры боюнча Азамат Араев кармалды

Жыштык чырына байланыштуу өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча иликтөө жүрүүдө.

Анын алкагында 15-декабрда өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы «А.А.М.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Белгилей кетсек, 2017-жылдын бери өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы болуп Араев Азамат Муратович иштеп келген.

Азыр да өкмөттүн сайтында аталган бөлүмдүн жетекчиси катары көрсөтүлүп турат. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>