Зиядин Жамалдинов: Сот акыйкаттуу карагыла. Садыр Жапаровдун күнөөсү жоктугун баары билет

Зиядин Жамалдинов: Сот акыйкаттуу карагыла. Садыр Жапаровдун күнөөсү жоктугун баары билет

Садыр Жапаровго мунапыс колдонулбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында ар кандай маселелер саатында депутат Зиядин Жамалдинов айтып чыкты.

Жамалдинов Жапаров «Кумтөр» маселесин изилдейм, элдин келечегин ойлойм» деп отуруп абакка отуруп калганын белгиледи.

«Кумтөр» маселесин экологияга болгон зыянын, ал жакта канча алтын өндүрүлүп жатканын иликтеп чыгам деп абакка отуруп калды. Чынын айтканда, мурдагы бийлик Атамбаевдин тапшырмасы менен Садыр Жапараов 11 жыл эркинен ажыратылды. Эмил Каптагаевди барымтага алды деп айыпталды. Каптагаев өзү Жапаров барымтага алган эмес деп жатса да соттун чечими эркинен ажыратылды. Каптагаев коомчулукка ачык кат менен кайрылуу да жазды. Мунапыс баарына колдонулуп, эмнеге Садыр Жапаровго колдонулбайт? Сот акыйкаттуу карагыла. Кантип эле анын күнөөсү жок экенин соттор билбей калсын? Садыр Жапаровдун күнөөсү жоктугун баары билет» – деди Зиядин Жамалдинов.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>