Zoom кызматынын негиздөөчүсү бир күндө 5 млрд доллардан ашык киреше тапты

Zoom кызматынын негиздөөчүсү бир күндө 5 млрд доллардан ашык киреше тапты

Zoom онлайн-баарлашуу кызматынын негиздөөчүсү Эрик Юань бир күндө 5,2 миллиард доллар киреше тапты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы билдирди.

Маалым болгондой, Эрик Юандын бүгүнкү күндөгү кирешесинин жалпы суммасы 22 миллиард долларды түзүүдө.

Zoom кызматынын акциясы 32%га жогорулаган. Бир жыл ичинде бул пайыз 355ке же 664 миллион долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

«Компаниянын таза кирешеси 186 миллион долларды түзгөн. Zoomдун кардардык базасы 2019-жылга салыштырмалуу 458%га чейин жогорулаган», — деп жазылат маалыматта.

Zoom пандемия учурунда популярдуу болуп, ага болгон талап Кыргызстанда дагы күч алганы белгилүү. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>