Кичиндин мушташуу чеберчилигин дүйнөнүн 6 жолку чемпиону анализдеп, баасын берди

Кичиндин мушташуу чеберчилигин дүйнөнүн 6 жолку чемпиону анализдеп, баасын берди

Кыргызстандык футболчу Валерий Кичиндин мушташуу чеберчилигин Самбо боюнча дүйнөнүн 6 жолку,   ошондой эле М-1 Global турниринин чемпиону Вячеслав Василевский анализдеп, баасын берди. Бул тууралуу орусиялык tribuna.com басылмасы жазды.

Орусиялык мушкер Валерий Кичин мурда дзюдо менен алектенүүсү мүмкүн деген пикирин айткан. Бирок ыкма аткаруу чеберчилиги начар деген. 

«Бул Кичин аткарган дзюдонун ыкмасына окшош. Анын эми начар аткарылганы көрүнүп эле турат. Бул футболчу, бала кезинде дзюдо менен алектенсе керек менимче үч күндөй.

Пиво ичилүүчү жайлардагы же ошол эле футбол талаасындагы мушташтарда кыйкырык менен сөгүнүү көп болуп иш жүзүндө эч нерсе болбойт. Бул эми  балчыктагы аялдардын мушташынан айырмасы жок. Ал эми ыкманы аткаруу чеберчилиги бир сөз менен начар», — деген мушкер.

Белгилей кетсек, 22-июлда  “Енисей” жана “СКА Хабаровск” командаларынын ортосундагы жолдоштук беттеште Кыргыз курамасынын оюнчусу Валерий Кичин каршылашы “СКА Хабаровск”  командасынын оюнчусу менен чатакташа кеткен.

Видеодон Кичин каршылашын алгач бетке муштап, кийин эрежесиз мушташтын ыкмасы менен көтөрүп чапканын көрүүгө болот.

Бул окуядан кийин орусиялык басылмалар Кичинди кебетесинин окшоштугунан улам аны Конор Макгрегор менен да салыштырышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>