Киевдин мэри Виталий Кличко журналистке кол салып, адепсиздигин көрсөттү
25.10.2019 15:53
Бокс боюнча оор салмак категориясында дүйнө чемпиону, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Соломенс районунун тургундары менен болгон жолугушууда өзүнүн адепсиздигин көрсөттү, – деп жазат Pressball басылмасы.
Басылманын маалыматына караганда, Кличко журналисттин ыңгайсыз суроосуна теригип, анын телефонун тартып алууга аракет кылган.
“Бул кадрлар Кличконун өзүнө карата айтылган сын-пикирлерге кандай жооп береринин далили. Ал Платновский көчөсүн бойлой салынган мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе көтөргөн журналисттин телефонун жулуп алгысы келе, анын жан сакчылары колунан кармоого аракет кылды”, – деп жазган басылма.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.