Site icon Reporter.kg

Кийими табылды: Чүйдө балык уулоого кеткен жаран изделүүдө

Аламүдүн районунда балык уулоого кеткен 52 жаштагы адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган И.У.К. аттуу жаран балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Суунун жээгинде кийимдери табылган. Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден кызматкерлер тартылып, издөө иштери убактылуу токтотулду жыйынтык болгон жок. Издөө 25-августта улантылат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version