17–19-июль күндөрү АКШнын Орландо шаарында ISKA уюмунун колдоосу менен согуш өнөрү боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты болуп өттү. Бул ири спорттук иш-чарага ар кайсы мамлекеттерден күчтүү спортчулар чогулуп, бир нече тармакта таймаш өткөрүштү.
Кыргызстандык кикбоксчу Алихан Исманкулов чемпионатта мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, эки медалга ээ болду:
- «MMA-light» дисциплинасы боюнча — алтын медаль,
- «Light-contact» дисциплинасы боюнча — коло медаль.
Бул жеңиш Алихандын машыгуудагы үзүрлүүлүгүн жана эл аралык аренада Кыргызстандын намысын татыктуу коргой алгандыгын тастыктап турат.