Юстиция министрлигинин сайтында «ишеним катты текшерүү» баскычы пайда болду. Ал мекеменин интернет баракчасынын оң тарабында жайгашкан.
Ага кирип Кыргызстандын аймагындагы нотариустар, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелердин кызмат адамдары тарабынан берилген ишеним каттарды текшерүүгө болот.
Юстиция министрлиги нотариаттын-2.0 бирдиктүү маалыматтык системасы штаттык режимде иштеп жатканын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз