Site icon Reporter.kg

Киргшелк: Үч аялды өлтүргөн бардык айыпталуучулар акталды

Суд

Бүгүн, 28-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Киргшелк айылындагы аялдардын өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Лебедев А.П., Шулик Е.С., Белоусов Е.Г., Пудовкин И.И., Куликов Н.С. жана Гогин А.Р. тагылган айыптар боюнча алар күнөөлүү эмес деп табылып, алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жок деп акталды.

Айыпталуучу Белоусов Е.Г. беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Кылмыш-жаза кодексинин 28, 336-беренесинин 2-бөлүгү менен 1997-жылдын 1-октябрындагы мыйзамына ылайык, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулду.

2016-жылдын 24-мартында Чүй облусунун Киргшелк айылындагы үйлөрдүн биринен үч аялдын (алардын бири кош бойлуу) жансыз денеси табылган. Андан соң адам өлтүрүүгө шектелип бир катар адамдар кармалган.

Exit mobile version