Site icon Reporter.kg

«Киров» суу сактагычына чөгүп кеткен 22 жаштагы жигит изделүүдө

“Киров” суу сактагычына чөгүп кетти делген адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы «Киров» суу сактагычына 1 адам сууга чөгүп кеткендиги жөнүндө Айтматов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жергиликтүү милиция кызматкерлери билдиришкен.

Издөө иштерине райондук ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу, Талас шаардык ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылган.

Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.

Белгилей кетсек, куткаруучулардын издөө иши кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, 24-июлда таң эрте улантылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version