ККМге каршы «Дордой Моторс» базары митингге чыкты

Бүгүн Бишкектеги «Дордой Моторс» базары митингге чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  соода жайдын ишкерлери кабарлашты. Алардын маалыматында, ишкерлер башка базарлар менен бирге контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылыгын билдиришти. «Биз «Акүй» тарапка баралы дегенбиз. Жолду бууп, токтотушту. Аким жана Мамлекеттик салык кызматынан келип, 6 кишини акимиатка сүйлөшүүгө алып кетишти. Биз күтүп олтурабыз», — деди соодагерлер. «Дордой Моторс» бүгүн иштебейт. … Читать далее ККМге каршы «Дордой Моторс» базары митингге чыкты