«Клексан» дарысын кымбат баада саткандар колго түштү

«Клексан» дарысын кымбат баада саткандар колго түштү

Каржы полициясы 50 куту «Клексан» дарысын алып кайра сатып жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги соода борборлорунун биринин жер астындагы унаа токтотуучу жайында тесттик сатып алуу учурунда «Клексан» препаратын кымбат баада саткан сатуучу кармалган.

Шектүү адамдын унаасын тинтүү учурунда 50 куту дары табылган.

Соттук териштирүү жүргүзүлүп, аталган дары-дармек кайдан алынганы жана тиешеси бар адамдар аныкталган. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча катыштыгы бар адамдардын иш-аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилип, акыркы процесстик чечим кабыл алынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>