Site icon Reporter.kg

Климаттык күн тартипке банктар кошулууда: Бишкекте климаттык каржылоо боюнча тренинг өттү

Кечээ, 22-майда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коммерциялык банктар үчүн климатты каржылоо боюнча тренинг өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) жана Элдик Банктын колдоосу менен өткөрүлгөн. Ал Кыргызстандын климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууга каржы секторун тартууга багытталган. Ошондой эле көмүртектүү-нейтралдуу экономикага өтүүгө негиз боло турган УДАС 3.0 климаттык иш-аракеттердин улуттук планын даярдоого арналган.

Иш-чарада банк секторунун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу гана эмес, климаттык максаттарга жетүүгө жигердүү катышууга мүмкүндүк берүүчү чечкиндүү кадамдарды талкуулоо максатында өлкөнүн алдыңкы банктар, негизги министрликтер, эл аралык уюмдар жана каржы институттарынын өкүлдөрү чогулуп, кеңири талкуу болгон.

«Биз УДАС 3.0 даярдоо процессине, анын ичинде, климаттык чаралардын наркын баалоо, каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу, инновациялык чечимдерди табуу, ошондой эле, биздин милдеттенмелерди ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү маселелерине банктардын жигердүү катышуусуна үмүт артабыз», — деген жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкулова.

«Климаттык каржылоо Кыргызстандын туруктуу экономикалык багытынын ажырагыс бөлүгү болуп баратат. Катышуучулар банктык иш-аракеттерде “жашыл” каржы инструменттерди, ESG-принциптерин, жашыл облигацияларды, туруктуу кредиттик линияларды жана климаттык тобокелдиктерди баалоо системаларын кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты»,- деп айтылат маалыматта.

БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева өкмөт жана Улуттук банк менен биргеликте иштелип чыгып, жактырылган жаңы  долбоор тууралуу жарыялаган.

«Элдик Банк ESG-багытында жигердүү иштеп, «жашыл» продукттарды ишке ашырып, туруктуу өзгөрүүлөрдүн таянычы болууга умтулууда. Мындай демилгелер келечектин жыргалчылыгы үчүн биргелешкен чечимдерди кабыл алууга күчтүү түрткү болоруна ишенем», — деп белгилеген “Элдик Банк” ААК Башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев.

Өкмөт жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жаңы программанын үстүндө 2029-жылга чейин иш алып барат, мында жашыл энергетиканы өнүктүрүүнү өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытынын бири катары кароого өзгөчө көңүл бурулууда. Программанын максаттарынын бири өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүсү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошуу болуп саналат. Азыркы учурда экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду баалоо жана каржылоо иштерин камсыздоодо жашыл таксономия кеңири жайылтылууда.

Иш-чарадагы кызуу талкуунун соңунда катышуучулар Кыргызстандын каржы рыногунун керектөөлөрүнө жана дараметтерине негизделген УДАС 3.0 камтуу сунуштарын иштеп чыгышты.

УДАС3.0 даярдоо маселесин колдоо БУУӨП тарабынан Climate Promise глобалдык демилгесинин алкагында БУУнун Кыргызстандагы Системасы менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.

Exit mobile version