Site icon Reporter.kg

Өкмөт 3 драма театрды оңдоодон өткөрүү үчүн 198 миллион сомдон ашык бөлдү

Өкмөт  3 драма театрды капиталык оңдоодон өткөрүү үчүн 198 миллион сомдон ашык  бөлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-июлда акча каражаттарын бөлүү чечимине кол койгон.

Эми Финансы министрлиги белгиленген тартипте  Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдашуусу менен  Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүдөй финансылык каражаттарды бөлүп берет.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын май айында Кыргыз улуттук академиялык драма жана Мамлекеттик улуттук орус драма театрларынын имараттарынын абалы менен таанышкан.

Exit mobile version