Site icon Reporter.kg

КМШ: 2025-жыл Нацизмге каршы күрөшүүдөгү биримдик жылы болот

Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саммиттин жыйынтыгы менен өлкө башчылар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол койгон.

Алар:

  1. 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө);
  2. Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ аткаруу катчысы жөнүндө;
  3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
  4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын ролу жөнүндө;
  5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
  6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;
  7. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө.
  8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
  9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;
  10. Эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
  11. 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын (Россия) шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
  12. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;
  13. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
  14. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
  15. КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;
  16. КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version