Site icon Reporter.kg

КМШ качкан коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп берүүнү макулдашты

КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул боюнча Tengrinews.kz басылмасы Коррупцияга каршы кызматка шилтеме берүү менен билдирди.

26-октябрда Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирген Мамлекеттер аралык коррупцияга каршы кеңештин 7-жыйыны видеоконференция режиминде өттү.

Быйыл кеңешти Казактандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин төрагасы Олжас Бектенов жетектеди.

Жыл ичинде аталган агенттик кеңешке мүчө-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары жана КМШнын Аткаруу комитети менен бирдикте мамлекет ичинде жана мамлекеттер аралык координациялоо боюнча иштерди жүргүздү. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору 2008-жылы иштелип чыккан.

Келишимге ылайык, КМШ бир нече маселелер боюнча макулдашты:

— коррупциялык кылмыш иштери боюнча бири-бирине жардам көрсөтүү;

— коррупциялык кылмыштар боюнча координацияланган жана макулдашылган ыкчам-иликтөө, ыкчам-профилактикалык иш-чараларды жана атайын операцияларды жүргүзүүгө;

— коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо, коррупциядан алынган кирешелерди кайтаруу жаатында кызматташууга;

— коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маалыматтык системаларды түзүүгө жана пайдаланууга;

— коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуунун стратегияларын, программаларын жана пландарын иштеп чыгуу;

— коррупцияга каршы мониторингдин натыйжалары менен бөлүшүү;

— кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана башкалар.

Отурумдун жүрүшүндө тараптар катышуучу-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү практикасын карап чыгышты, ошондой эле мыйзамсыз баюу кылмыштарын иликтөөдө эл аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Отурумдун жыйынтыгында ЭККМКнын чечими менен кийинки жыйынга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү.

Белгилей кетсек, 14-октябрда Астанада президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анын алкагында мамлекет башчылары аталган келишимге кол коюшкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version