Site icon Reporter.kg

КМШ саммити. 8 президент Бишкекте жыйын өткөрүүдө

Бүгүн Бишкекте КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саммити өтүүдө. Иш чара Кыргызстандын төрагалыгында өтүп, ага Садыр Жапаров, Владимир Путин, Илхам Алиев,  Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышууда.

Садыр Жапаров конокторду мамлекеттик резиденцияда тосуп алды.

Программага ылайык, саат 16.00-17. 00дө Садыр Жапаров атынан конокторго сый көрсөтүү аземи өтөт. Андан кийин КМШ лидерлери өлкөлөрүнө учуп кетишет.

Уюм 1991-жылы үч өлкө ортосунда түзүлүп, кийин анын курамы 12ге кеңейген. 2009-жылы Грузия, 2016-жылы Украина, 2022-жылы Молдова келишимди токтотот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version