Site icon Reporter.kg

Кочкор районунун акими алмашты

Эрмекбай Омошев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Омошев Эрмекбай Алянович Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Камчыев Курбанбек Камчыевич Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду

Exit mobile version