Site icon Reporter.kg

Кочкор, Ысык-Ата, Чүй райондоруна жаңы аким дайындалды

Русланбек Тагаев Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал 2021-2023-жылдары Бишкектин Ленин районун жетектеген.

Нарын облусунун Кочкор районунун акими Алмазбек Аттокуров кызматынан бошотулуп, анын ордуна Камил Чоткараев  дайындалды.

Эрмекбай Омошев Алмазбек Осмоновдун ордуна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болду. Ал мурун Сузак жана Кочкор райондорун жетектеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version