Site icon Reporter.kg

Кочкордо 7 жашар бала сууга агып кетти

Кочкор районунун Теңдик айылындагы Чүй дарыясына 7 жашар бала агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

25-октябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында куткаруучулар тартылып, натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 26-октябрь күнү улантылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына ылайык, январь-сентябрь айларында 60тан ашык адам сууга чөгүп каза болгон.

Өткөн жылы 148 адам сууга чөгүп кетсе, алардын ичинен 25 бала 12 жашка толо элек болгон.

Exit mobile version