Site icon Reporter.kg

Кочкордо келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Кочкордо чогуу жашап жүргөн келинди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришкенин «Serep.kg» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 23-январь күнү саат 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.Б. кайрылып, Тынай-Булак кыштоосунда белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси жатканын билдирген.

Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда кашардагы үч бөлмөлүү үйдөн 20-25 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган. Ага сыртынан кароо жүргүзгөн маалда күч колдонулуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Ошондой эле ал Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган.

Айрым тургундар жаш келин ур-токмокко алынып, атка сүйрөтүлүп өлтүрүлгөнүн айтышкан.

Бул факт Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында шектүү катары Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.И. кармалган. Ал аталган сарайда малчы катары иштеп жүргөн.  20-январь күнү мас абалында өзү менен менен чогуу жашаганК.К.ны ур-токмокко алып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан М.И.га Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) айыптоо актысы бекитилип, иш сотко жиберилген.

Сотто Кочкор районунун прокурорунун орун басары айыптоону колдоп, М.И.ге 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

Кочкор райондук сотунун 2021-жылдын 20-апрелиндеги өкүмү менен М.И. күнөөлүү деп табылып, 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Exit mobile version