Site icon Reporter.kg

Кочкордо мугалим асынып алды

Кочкор районунун Ак-Чий айылында мугалим асынып алды. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя боюнча милицияга 1963-жылы туулган жолдошу К.К кайрылган.

Ал 1968-жылы туулган аялы Ч.Г. өздөрүнүн үйүнүн короосундагы кампада асынып алганын таап алганын айткан.

Басма сөз кызматы билдиргендей, милиция дароо окуя болгон жерге барышкан. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө аялдын денесинен зордук-зомбулуктун издери табылган эмес.

Ишти Кочкор райондук прокуратурасы тергеп жатат.

Exit mobile version