Site icon Reporter.kg

Кочкордо окуучулар 700 китеп чогултуп, китепканага өткөрүп беришти

Кочкор районунун Ак-Жар айылында «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында окуучулар 700дөн ашык китеп чогултушту. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Ак-Жар айылында «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында окуучулар 700дөн ашык китеп чогултушуп, айылдын жана мектептин китепканасына өткөрүп беришти. Иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөрдү жана айыл тургундарын китеп окууга үндөө.

“Окуучулар иш чараны былтыр жаз айларында өткөрүүнү пландап бирок, пандемиянын айынан өткөрүүгө мүмкүн болбой калган. Ошол кезден баштап окуучулар чоң ынтызарлык менен берилип китеп чогултушуп, талыкпай эмгектеништи. Иш чаранын соңунда китеп жарманкеси уюштурулуп каалоочулар китеп сатып алып, мектепке жана китепканага тапшырышты”, — деп кабарлашты.

Exit mobile version